Түн кирип көздөрүңдү эстейм кайра
Кара көз көңүлүңдү бурчу мага
Дарысы сен кыйналган жүрөгүмдүн
Кат жаздым берсеңчи жообун мага
Припев
Кайра кайра караймын мен артыма
Келеби деп сени жаныма
Жообу жок сүйүүдөн жүрөк ыйлаба
Жүрөк ыйлаба…
Күн өтүп ойлорум сенде гана
Оюмда сен экөөбүз бир жанаша
Дарысы сен кыйналган жүрөгүмдүн
Арначы сезимин, жалгыз мага