Айыл четинде дыйкан жер айдап жүрдү. Бул күнү үймө үйдөн кош айдаган өгүз менен атты мышык ээрчип алган. Кош айдоо кызыган убакта мышык токойдун четинде көпөлөк, чегирткелерди кубалап ойноп жүргөн.

Ошол убакта токойдон жолборс чуркап чыгып мышыкты көрдү да, аябай таң калып сурады:

— Иничек, байкашымча сен биздин тукумдан окшойсуң, бирок неге мынча кичинекейсиң?

Куу мышык байкуш боло калды да, мындай жооп берди:

— Эх, улуу урматтуум, айбанаттардын падышасы, адамдардын арасында жашоо кандай оор экенин билсеңиз кана!

— Сени кысымга алган ким? Мага ошол адамды көрсөтчү, мен анын сазайын берейин,- деди жолборс.

Мышык жолборсту  сокого бараткан дыйканга ээрчитип келди.

Жолборс мындай деп күрүлдөдү:

— Эй адам, сен менин тууганымды эмне мынча кыйнагансың? Байкуш андан улам өспөй да калыптыр. Эмне күнөө кетирди эле? Мына мен ал үчүн сени менен кармашам!

— Макул,- деп жооп берди дыйкан,- бирок мен күчүмдү үйгө таштап келгем, чуркап барып алып келе калайын, анан кармашабыз,- деди.

— Макул, барып кел, мен сени күтүп турам,- деди жолборс.

— А мүмкүн алдап кетсеңчи, бир жакка кетип калсаң же качып кетсең, а мен жөн эле чуркап калбайын! — деп дыйкан ойлоно түшүп анан: — Мындай анда, кел, мен сени айылга барып күчүмдү алып келе калгыча, жип менен бул бакка байлай турайын да, мен келгенде күч сынашабыз,- деди.

— Мейли,- деп макул болду жолборс.

Дыйкан аны жоон аркан менен бакка байлады да, токойго барып катуу таяк кыйып келип:

— Мына менин күчүм! — деп жолборсту сабай баштады. Жолборс ыркырап-ыркырап бир топко жулунуп, анан кыңшылай баштады эле, ага жер менен асмандын да боору ооруду, бирок адам токтобостон аңкоо неменин денесин койбой жанчып салды да, мындай деди:

— Бирөөнүн ишине кийлигишпе! Бар эми каалаган жериңе барып мактан, мени да айтканды унутпа! — деди.

Жолборс араң жан болуп жолуна түштү. Жолдон мышыкты көрүп, оор улутунду да, онтоп сүйлөдү:

— Сен азамат экенсин иничек, ушундай мыкаачынын колунда дурус эле чоңоюп-чочоюпсуң!

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок38
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *