Датасы: 23.09.2022
Формат: mp3

Бирөө жүрсө бакыт издеп турмуштан
Бирөө жашайт бакыт тилеп жылдыздан
Башкаларды билбейм бирок а менин
Байлыгым да бакытым да Кыргызстан

Ала-Тоого желбиретип тургузган
Ай-ааламга нур чачырап туубуздан
Жан дүйнөмө кубат берип түбөлүк
Жанып турат жүрөгүмдө Кыргызстан

Асыл дүйнө таппай ачуу турмуштан
Адамдар бар аруулуктан жылмышкан
Андайларды билбейм а бирок менин
Ар намысым абийирим да Кыргызстан

Өз керт башын ойлоп такка тырмышкан
Өкүмдардын көбүн көрдүк турмуштан
Өзгөлөрдү билбейм бирок мен үчүн
Өйдө турат бүт нерседен Кыргызстан

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *