Датасы: 19.10.2022
Формат: mp3

Жанымды түшүнгөн өмүрдө Жан барбы?
Жалгыз мен күттүм го агарган таңдарды.
Сырымды бөлүшөөр Жан болсо, кайдасың?
А балким, издеген Жан биргем айдасың.

Өткөндүн элеси эсимде калгандай,
Эстесем күн чыгып ал кайра баткандай.
Мен дагы жашоодо бактылуу жандардай,
Оюмда жашаймын бир жанды тапкандай.

Кечирем бардыгын өчүрөм сезимден,
Эске албай болгонун кечирем,
Мен сага ишенип түшүнөм.
Жүрөгүм сыздатып сагынып турса да,
Көңүлүм өзүңдөң калса да кечирем.
Ал кезди, сагынам кайра сагынбаймын,
Мен сага таарынбайм а бирок жалынбаймын .
Кечирем, жараткан кечирсе, мен киммин,
Дүйнөнүн жалганын эске алып кечирдим

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *