Адыл апасы, атасы жана чоң энеси болуп жашашкан. Чоң энесинин бөлмөсүндө дубалда эски саат илинип турат. Бул саат көп жылдардан бери бузулбай иштеп келгендиктен, чоң энеси аны абдан баалачу.

Ал эми Адылдын бөлмөсүндө жапжаңы электрондук сааты бар эле. Анын сааты да убакытты дисплейинде так жана даана көрсөтүп турчу.

Бирок, заманбап нерселерден тышкары, алардын уйүндө көп убакыт мурун сатылып алынган же белекке берилген нерселер бар болчу. Текчелерде эски фигуралар, вазалар, китептер турчу. Жада калса чоң энесинин бөлмөсүндөгү стол да абдан эски эле. Ким гана ал столдо отурган эмес! Атүгүл Адылдын апасы мектепте окуп жүргөндө сабактарын ушул столдо окучу.

Жаңы жылга даярдык 2

Адыл мектепке бара элек болсо да, эски партага көп отуруп, сүрөт тартып же китептерин барактачу. Балким, бул үстөл абдан акылдуу жана сыйкырдуу болгон, анткени, Адыл ушул столго отурса дайыма сүрөттөрү мыкты болчу. Ал ушул партада муун менен окуганды да үйрөнгөн. Бул стол ушундай укмуштуу болчу!

Андан сырткары апасы шкафтын үстүнкү текчесинде чоң кутучага салып койгон жаңы жылдык оюнчуктар да Адыл үчүн сыйкырдуу сыяктуу сезилчү. Жаңы жыл Адылдын үй-бүлөсүндө эң сүйүктүү майрамдардан болгон. Бул күндөрү алардын үйундө токой балатысын жыты, апасы жасаган пирогтун жыты майрамдык маанай жаратып турчу! 

Жаңы жылдын алдында атасы балаты алып келип, аны апасы экөөлөп кооздоп коюшчу эле. 

Адылга чоң энеси сатып алган эски оюнчуктар аябай жакчу эле, анда ар кандай токой жаныбарлары тартылган көп түстүү айнек оюнчуктар бар эле. 

Ал эми шыбактан жасалган эски, ар дайым сулуу Снегурочка менен бактын түбүндө ынгайлуу отурган Аяз ата Жаңы жылдын түнүндө жанданып келе жаткан сыйкырчыдай сезилчү.

Жаңы жылдын алдында Адылдын апасы ар дайым бир нече жаңы жаңы жылдык оюнчуктарды да сатып алчу. Ал оюнчуктар алардын үйүндө кийинки жылы бакыт жана сүйүү алып келчи эле. Ошентип, балатыга жаңы оюнчуктар да илинип турат: бермет менен жаркыраган шарлар, бантиктер, крекер, гирляндалар. Бирок бала, ошентсе да, эски оюнчуктарды көбүрөөк жакшы көрчү. Анткени, алар апасынын кичинекей кезинде кандай болгонун билишкен, чоң энесин жаш, сулуу кезинде көрүшкөн эле. Бул эски оюнчуктар Жаңы Жылдын келишине көп жолу күбө болушкан!

Жакында Жаңы жыл келет! Бул жолу апасы көп түстүү гирляндаларын сатып келди. Адылдын үй-бүлөсү үчүн жаңы жылдык балатыны кооздоп алып, астына катлылган белектер бул майрамды өзгөчө кылат.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы57
Акылдуу кыз жомок46
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Коён менен кирпи24
Акылдуу балдар20
Бакыт-таалай каякта?19
Кырк калп жомок15
Акылдуу кыз13

Жаңы жылга даярдык: 13 комментарий

    1. Абдан санун жомоктор бобокторум уктабай жатканынан окуп берсем тез эле уктап калышты

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *