Датасы: 05.01.2023
Формат: mp3

Кыштын аппак кары менен
Жылдын соңку айы менен
Жаңы жыл да кирип келет
Жаңы күндүн таңы менен
Кубанычты шаңы менен
Күлкү оюндун шаңы менен
Тилек айтып олтурабыз
Дасторкондо баары кенен

Кайырма:

Жаңы жыл жаңы жыл
Суктангыдай айдагы
Адамдары жайдары
Аяз ата аяз кыз
Жаңы жыл жаңы жыл
Жаңы жылдын байрагы
Жүрөктөрдү сүйүнткөн
Жан дүйнөнүн майрамы

Жаңы жылым күлүп келет
Бөбөк алат күтүп белек
Жаңы демди тартуулаган
Баардыгына үмүт берет
Жаңы жылым жакшы жыл бол
Жан дүйнөгө жарык нур бол
Максатына жетип баары
Бүгүнкүдөй майрам ыр бол

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *