Башкаларга окшобогон мүнөзүң
Көңүл коюп башкалар да жүрбөсүн
Тагдыр бизди кошпой бөлүп турса да
Акыр бир күн мендик кылам көрөрсүң
Кайырма:
Үйүмдүн шам чырагы сен болгун
Жашоомдон арзуу маңы сен болгун
Балдарым энекеси сен болгун
Өмүрлүк жарым сен болгун
Аттиң дүйнө түбөлүктүү эмессиң
Бул жалганда менин сүйүүм келет чын
Атам-апам сүйүндүрүп бир күнү
Биздин үйгө келин болуп келерсиң