Кедейдин букасы

Бир кедейдин жалгыз букасы бар экен. Бир күнү ал токойдо оттоп жүрсө жети карышкыр кол салат. Бука качкан бойдон келип кедейдин кепесине кире качканда, карышкырлар кошо кирет. Кедей чуркап жетип, эшигин жаба калат.

Бука жети карышкырды жети жакка челип сулатат. Кедей алардын терисин сыйрып пайдага туйтунат.

Кедейдин жалгыз букасынын эрдиги элге дүңгүрөйт. Көп букасы бар бир бай муну угуп арданат: “Кедейдин жети букасы жети карышкыр сүзүптүр. Менин жети букам бир да карышкыр сүзө элек. Кой, кечке эле бордой бербей букаларымды токойго айдайын. Кедейдикине караганда семиз немелер көп карышкыр сүзөт болуш керек”.

Бирок байдын борго байланган букалары кедейдин арык букасындай кача албагандыктан – карышкырларга жем болот.

Мүйүздүү болом деп  кулагынан айрылыптыр деген сөз ушундан калыптыр, балдарым.

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.