Датасы: 13.01.2023
Формат: mp3

Уйку бербей жол каратып
Каректерим талыттың
Утур жакын барган менен
Дале сенден алысмын

Узун түндө сен жөнүңдө
Учугу жок ой жоруп
Убайын жеп угайын деп
Жообуң күтүп зарыктым

Абай салсаң айлап жылдап
Сенсиз канча жабыктым
Ал мендеги сенсиз өткөн
Бир үзүгү тарыхтын

Ал тарызта арзыганым
Мейли болсоң сен эгер
А мен сага эстен тана
Сүйгөн мажбур каарыпмын

Калагы жок кайда барам
Сырын билбейм кайыктын
Картасы же компасы жок
Дайнын таппайм багыттын

Карайлатпай кайсалатпай
Айтчы алтын казыгын
Кай тарапка кайсы азапка
Каптап селдей агыздың

Сени карап сени самап
Нурун тозуп жарыктын
Сенден башка сендей асыл
Көрбөй көзүм карыпмын

Сен ооруткан махабаттын
Ак сүйүүнүң дартынан
Сенден гана сен бар үчүн
Сен деп келбейт айткым

Себеби мен сен деп жүрөм
Сен деп күлөм жашоодо
Сени сүйөм сүйөм сени
Сүйгөндүгүм анык чын




Один комментарий к “Сыймык Баялиев — Сүйүү вальсы тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *