Датасы: 23.05.2022
Формат: mp3

Ак сүйүүгө болдум күбө
Кудача кыз сени көрдүм түндө
Көңүл буруп карабадың мага
Эстей берем ошол түндү күндө
Сезимдерим сересинде калды
Сезбей аны түшүнбөдүң жаным
Махабаттын жалындаган оту
Өчпөйт эми жалындатат дайым

Кайырма:

Кудача кыз гүлүм ай
Сени сени сүйдүм ай
Тийишесиң башкаларды жандап
Бир өзүң деп жүрсөм ай
Гүлү гүлү гүлүм ай
Сени сени сүйдүм ай
Макул болсоң өзүң менен
Айылыма алып кетем ай

Ошондогу көз карашың эстейм
Ай булутту аралаган кечте
Көздөп өтүп жүрөгүмдү козгоп
Кайра аны теңсинбейсиң неге
Кудача кыз айылыңа барсаң
Издеп жүрүп бир өзүңдү тапсам
Колумдагы кызыл гүлдү сунуп
Түбөлүккө жубай кылып алсам

Клип — Кудача кыз



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *