Датасы: 11.02.2023
Формат: mp3

Биз болчубуз ошол кезде балапан
Жаңы аяктап аптаптуу жай саратан
Алгач мектеп босогосун бирге аттап
Жолго чыгып билим издеп бараткан

Он жыл өттү он күнчөлүк билинбей
Оюн күлкү достук ыры бийиндей
Окуучулук күндөр менен коштошуп
Чоң турмушка учтук анан бириндей

Кайырма:

Азыр эстеп ошол кезди сагынып
Жолукканды күтчү болук зарыгып
А мезгилдер өтүп жатат токтобой
Агымы шар дарыядай агылып

Турмуш бизди ар тарапка ыргады
Сыноо берип суроо берип ылгады
Классташтар бирге окуган курбулар
Ошол күндөр экен жаштык жыргалы

Клип- Классташтар


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *