Датасы: 03.04.2024
Формат: mp3

Сагындырдың эстедим
Ойлорумдан кетпедиң
Анткени менен баары бир
Кадырыңа жетпедим

Сагындырдың эстедим
Ошол айлуу кечтерим
Бирок аттиң баары бир
Кадырыңа жетпедим

Кайырма:

Күнөлүү кылып өзүмдү
Бүт өмүр мени өкүндүр
Баркыңа жетпеген үчүн
Эмне кылсаң өзүң бил

Ичимди күйгүз жалын кыл
Кусалык күчкө багындыр
Баркыңа жетпеген үчүн
Бүт өмүр мени сагындыр

Күндө түндө сени эстейм
Ойлорумду электеп
Күнү түндүн шооласын
Күтөт сени келет деп

Баракчаңдан издедим
Сүрөтүңдү тиктедим
Ичке толуп өкүнүч
Бармагымды тиштедим

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *