Датасы: 19.05.2024
Формат: mp3

Жолугуп махабаттын даамын татсаң,
Жүрөгүң үмүт кылат.
Жалгыздык кучагына азыр батсаң,
Жан шерик күтүп турат.

Кайырма

Жүрөк үнү да жалгыз болбойт,
Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт.
Сезимдин оту куйкаласа,
Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт.

Өмүрүң көрккө келет жолун улап,
Махабат жандап турса.
Сүйүүгө жүргүн дайым кол булгалап,
Тагдырың калчап турса.

Жүрөк үнү да жалгыз болбойт,
Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт.
Сезимдин оту куйкаласа,
Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *