Датасы: 09.04.2024
Формат: mp3

Кайдагы бир сөздөр азгырып,
Көңүлдөрдү койду мас кылып.
Өзүмдү өзүм тааныбай турам,
Турмуш өзү эле жолун көрсөтүп.
Экөөбүздү койду кас кылып.

Кайырма:
Ажырасак сага да мага
Түгөй болор бир жан табылаар
Ойлоп көрсөм ошол адамга
Биздей жандын эмне кереги,кереги?
Жүрөгүңдө эски тагы бар.

Үйүбүзгө бакыт кондуруп,
Жылыта албай аны тоңдуруп.
Сабырыбыз такыр түгөнүп,
Тепселеп аны көңүл бөлбөдүк.
Жакшы күндөр турса кол сунуп.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *