Датасы: 14.02.2025
Формат: mp3

Булуттай жылып буралып,
Булакка барсаң суу алып.
Жолуңду тосуп булакта,
Жоргомду турсам сугарып.

Арашан булак туптунук,
Андан да таза сиз тунук.
Чаңкадым бирок сууга эмес,
Сүйүүдөн койчу жуткуруп.

Кайырма:
Теңимди таппай зарылып,
Түңүлгөн кезде табылып.
Жанымда болсоң Бегимай,
Жеңе албайт мени карылык.
Ооо Бегимай, Ооо Бегимай,
Жанымда болсоң Бегимай,
Жеңе албайт мени карылык.

Булактай шыңгыр үнүңдөн,
Жүрөктөй тунук дилиңден.
Чаң жугузуп алам деп,
Чочулап турам бүгүн мен.

Кайырма:
Теңимди таппай зарылып,
Түңүлгөн кезде табылып.
Жанымда болсоң Бегимай,
Жеңе албайт мени карылык.
Ооо Бегимай, Ооо Бегимай,
Жанымда болсоң Бегимай,
Жеңе албайт мени карылык.

Один комментарий к “Мирбек Атабеков — Раймалынын ыры тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *