Капыстан өзүңө кезигип
Бул дүйнөнүн тар экенин сезилип
Сен кеткенде каттуу сынып көңүлүм
Калган эле жүрөк туйлап эзилип
Кайырма:
Бактым сага тең келсе
Сен бар дүйнө кең десе
Сүйүп анан сүйдүрүп
Таштап кеттиң неге сен
Жүрөктү дегдетип
Бактым болбой сен кеттиң
Ай өтүп жыл өтүп жолуктуң
Жанында бар экен го колуктуң
Жүрөгүм ай тиленди го ооруду
Жубайыңа сен жакшы жар болупсуң