Датасы: 17.04.2024
Формат: mp3

Айдыңга ак куулар жол алды,
Сагындым сени.
Жайнады дүйнө да, жаңырды,
Сагындым сени.
Жаз өттү, жалбырак саргайды,
Сагындым сени.
Ак кайың ак мамык жамынды,
Сагындым сени.

Кайырма:
Күн батты, таң атты дагы да,
Эм таппайм жаралуу жаныма,
Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан.
Сен элең сүйүүмдүн жанары,
Эңсеткен жүрөгүм жамалың,
Эзилип ичимен барамын, ай, маралым.

Ак кайың арылды ак кардан,
Сагындым сени.
Булбул куш сайрады бактардан,
Сагындым сени.
Элесиң жүрөгүм жандантып,
Сагындым сени.
Келесиң жаным кай жактардан,
Сагындым сени

Один комментарий к “Сагын Эргешов & Кызсайкал Кабылова — Сагындым сени”

  1. Негизи озим Қырғыз андерин жақсы тыңдаймын.құлаққа өте жағымды естиледи.кейбир создерин тусинбей жатамын .

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *