Датасы: 26.10.2020
Формат: mp3

Айылга эс алууга бардым эле
Арбалып бир периге калдым неге?
Байкабай жүргөнүңдү билбей мурун
Көркүңө көз ирмемге тамдым көрө.

Кайырма:
Сулууга кимдер гана жалынбасын
Сук артып кантип аны сагынбасын.
Капыстан да жолуктуң да, ойго салдың
Кара көз токтогулдук карындашым.

Өрт жалын аптабыңдан үйлөдүңбү?
От чачкан карегиңден күйөйүнбү?
Айга окшош толуп турган кезиң экен
Аппак кыз алда кимди сүйбөдүңбү?

Кайырма:
Сулууга кимдер гана жалынбасын
Сук артып кантип аны сагынбасын.
Капыстан да жолуктуң да, ойго салдың
Кара көз токтогулдук карындашым.

Мезгилдер кайчы кеткен төкчү пейил
Мен сени сүйөөр убак өттү дейин.
Жөлөнсөң ийиниме жөлөн, бирок
Жөн гана карындашым деп жүрөйүн.

Кайырма:
Сулууга кимдер гана жалынбасын
Сук артып кантип аны сагынбасын.
Капыстан да жолуктуң да, ойго салдың
Кара көз токтогулдук карындашым.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *