Датасы: 20.04.2024
Формат: mp3

Жараткан буйруп сени
Тагдырым кошконумсуң
Келгенде ар өргөмдө
Жаркырап тосоорумсуң

Бакыттын балдай дамын
Бир татып өзүң менен
Жашайын түбөлүккө
Асыл эркем

Кайырма:
Асыл жарым
Маңдайына жазган бактым
Сенсиң менин
Турмуштагы оң канатым
Асыл жарым
Жашоомо нур чачып турар
Сүйүм менин
Сүйүү сунуп жылмайганым

Сүйүүмдүн деңизиндей
Аппакай ак куум сенсин
Жүрөгүм ак куум сага
Түбөлүк арнап бердиң

Булактын тамчысындай
Татына балдарымдын
Аман бол маңдайымда
Бактым менин

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *