Датасы: 30.07.2024
Формат: mp3

Өзүңсүз элестетсем өмүрдү,

Кубарып кетет жүзүм.

Себеби биз жашоонун кемесин,

Келебиз бирге сүзүп.

Өзүңсүз элестетсем өмүрдү,

Тумандайт эки көзүм.

Жашоону бакыт кылып көргөзгөн,

Жарыгым болдуң өзүң

Кайырма:

Менин жаныма даарым,

Сөздөрүң,өзүң барың.

Издеп таптым өзүңдөн,

Сүйүүнүн балын.

Өзүңсүз өткүм келбейт өмүрдөн,

Күн кечип маңызы жок.

Өзүңсүз элестетсем жүрөктүн,

Ооруса даарысы жок.

Сен менен өткүм келет өмүрдө,

Бир тоңуп ,бирде күйүп.

Жашасын,жалындасын,жашарсын.

Өчпөсүн биздин сүйүү.

Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *