Магдырап жашыл дүйнө
Көгүлтүр кеч
Көшүлүп бей куттукка
Терделген кез
Шаарымдын көрккө баткан көчөсүнөн
Түгөйлөр өзүңөрдү бактылуу сез
Кайырма:
Көчөбүс жуптар менен сулуу тура
Бул дүйнө жубу менен кызык тура
Бир жүрсөк көңүл сүйгөн түгөйлөшүм
Бул өмүр ошол үчүн ысык тура
Сезимге жаздай болуп жагып барат
Түгөйлөр калгый басып агып барат
Жанашып сезимдерин нурун чачса
Көрктөрү көздүн жоосун алып барат
Ылайым кутту болуп ушул күндөр
Түгөйлөр жуптарына жазбаса экен
Бузулбай бей куттугу бул дүйнөнүн
Жубайлар жалгыз сыра баспаса экен