Датасы: 02.11.2021
Формат: mp3

Өзүндү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүнө көңүлүмдү түздөп жүрөм
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.

Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айылыма келээр бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктабаймын.

Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чабак балык болуп көлдө ойносом.
Асылып чарчасаң да моюнуңа,
Кумарым канмайынча жөн койбосом.

Один комментарий к “Гүлбү Ороскул кызы — Издеп жүрөм тексти”

  1. Өтө сонун ыр саптар. Мен эл артисттеринин эски ырларын көп угам. Гулбу Орозкул кызынын издеп жүрөм чыгармасы өтө сонун ырда.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *