Күндөрдүн кечтеринде, таңдарында
Күтүүдөн өчпөй күйүп шам жанымда
Мезгилим өмүр менен өрүлүшүп
Мен келем үмүт жандап арманымда
Кайырма:
Мен сага жолугам
Нур жайнап жолума
Күлмүңдөйм бактыдан
Гүл кармап колума арзуум
Жол түшүп астымда
Жолуктуң тагдырга
Бар экен махабат
Бактымды таптым да арзуум
Кең дүйнө көздөн учуп зар болгондо,
Кечигип кезиктик биз тар жолдордо.
Мээримиң жүрөгүмдү нурга бөлөп,
Мен бармын, сүйүүм өзүң бар болгондо
Ишенбе өмүр артта калганына,
Жашоонун сүйүү барда жалганына.
Сезимдин кереметтүү бактысынан,
Сен үчүн кайыл болдум мен баарына
Замир Арыкбаев — Арзуу тексти
Датасы: 28.04.2024 Көрүүлөр: 3470