Кайтпай калган жаштыгыма окшошуп
Каркыралар канат кагып баратат
Сары чапан кокту колот талаалар
Сагынычтын санааларын таратат
Кайырма:
Сен түшкөн сүрөттөр
Мен түшкөн сүрөттөр
Биз түшкөн сүрөттөр эске салат
Сен баскан көчөлөр
Мен баскан көчөлөр
Биз баскан көчөлөр эске салат
Биз сүйүүгө биз жаштыкка таң болгон
Кайда калды кайда азыр ал курак
Ошол күндөр эске түшүп негедир
Олтурамын мен альбомду барактап
Көңүлдөр сарсаана сыяктуу
Коңур күздө гүлдөр соолуп баратат
Кербендерге сапар тарткан окшошуп
Кеткен жаштык жүрөгүмдү сыздатат
Жанара Өмүралиева — Жаштыкка кайрылуу тексти
Датасы: 12.05.2024 Көрүүлөр: 1885