Датасы: 12.05.2024
Формат: mp3

Кайтпай калган жаштыгыма окшошуп
Каркыралар канат кагып баратат
Сары чапан кокту колот талаалар
Сагынычтын санааларын таратат

Кайырма:
Сен түшкөн сүрөттөр
Мен түшкөн сүрөттөр
Биз түшкөн сүрөттөр эске салат
Сен баскан көчөлөр
Мен баскан көчөлөр
Биз баскан көчөлөр эске салат

Биз сүйүүгө биз жаштыкка таң болгон
Кайда калды кайда азыр ал курак
Ошол күндөр эске түшүп негедир
Олтурамын мен альбомду барактап

Көңүлдөр сарсаана сыяктуу
Коңур күздө гүлдөр соолуп баратат
Кербендерге сапар тарткан окшошуп
Кеткен жаштык жүрөгүмдү сыздатат

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *