Сезимди гүлдөтөсүң
Жүрөктү сүрдөтөсүң
Өзүмчө күбүрөп шыбырап
Сөздөрүм ичимден сүйлөтөсүң
Көздү алып качтырасың
Кадамды шаштырасың
Элесин ээрчитип
Ойлонуп бастырасың
Кайырма
Көзү-көзү-көзүң жүрөктү тилди
Сөзү-сөзү-сөзүң ок болуп тийди
Жараладың,жараладың
Көзү-көзү-көзүң жүрөктү тилди
Сөзү-сөзү-сөзүң ок болуп тийди
Аябадың,аябадың…
Сезимге туз себесиң
Жүрөккө муз себесиң
Билбедим сен кимге түбөлүк жанашып
Бактыңа туш келесиң
Ким мага не дебесин
Сен мага дем бересиң
Себеби жүрөктө
Сен азыр,сен элесиң