Датасы: 07.08.2024
Формат: mp3

Мен сага сүйүү сундум,

Жообуна алдым тикенек.

Мен сага сезим сунсам,

Сен аны салдың тепселеп.

Жүрөгүң мерез беле?

Чеги жок кеттиң эркелеп.

Буулугуп бугун ыйладым.

Түшүнбөйм неге кыйнадың?

Азабың тартып жатсамда,

Ансайын сүйүм күчөп.

Баары бир сени кыйбадым.

Мен сага көңүл сундум,

Аны да көтөрө албадың.

Көргөзбөй бекитесиң,

Тартасың сүйүү пардасын.

Анда да кыйбай турам,

Каалабай сенден башкасын.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *