Датасы: 10.09.2024
Формат: mp3

Ойлой берчү болдум сени күндө эле

Келгениңде кучак толо гүл менен

Кыялымда башымды жөлөп ийниңе

Сырдашамын элестетип түн менен

Мен сүйүүмдү катып жүрөм сыр кылып

Көңүлүңдү албайын деп сындырып

Көздөрүмдөн байкап калаар деп жүрөм

Сен жүрөсүң күндөрүмдү жылдырып

Кайырма

Сезимим бар менин сагындырат

Көзүмдү көзүңө чагылдырат

Жүрөгүң сезбесе жүрөгүмдү

Эмнеге сүйүүгө кабылдырат

Унчукпасам жактырбайт деп ойлобо

Сага берген тартылуу бар ортодо

Ал ансайын көздөрүмө тик карап

Жүрөктөгү махабатым козголот

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *