Датасы: 14.10.2020
Формат: mp3

Жүзүңдү чайкап, мөлтүр сууң бойлоп,
Бүлдүркөн терип жүрчү элек ойноп.
Киндик кан тамган кутмандуу жерим,
Кусадар болом күн сайын ойлоп.
Долоно, чие, карагат жайнап,
Токойдо булбул тил безеп сайрап.
Жашоонун шаңдуу музасын чалып,
Көркөмүң мени тургансыйт арбап.
Ак чөлмөк ойноп атырчу таңды,
Армансыз күндөр өзүңдө калды.
Алыста жүрсөм дем берет дайым,
Өзүңдөн алган өмүрдүн шамы.

Кутман Жолдошев — Кутмандуу жерим тексти: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *