Датасы: 23.09.2024
Формат: mp3

Сыртыбыздан күлүп калп эле

Ооругансып турат көкүрөгүм

Жакшы көрүү менен жек көрүү

Ортосунда турган көпүрөмүн

Кайырма

Көрмөксөнгө салып калп эле

Сүйүүбүздү колдон учурдук

Сөзгө келбей текеберленип

Эмнеден уттук,эмнеден утулдук

Чалгым келди,жазгым келди,кармандым.

Калбайын деп курчоосунда армандын

Баргым келди,айткым келди,кармандым

Чалгым келди бирок ардандым

Ачуу менен чыккан сөзүбүз

Уудай болду ичтен тарабаган

Сүйбөгөндөй карап көзүбүз

Октой тийди жүрөк жаралаган

Кайырма

Көрмөксөнгө салып калп эле

Сүйүүбүздү колдон учурдук

Сөзгө келбей текеберленип

Эмнеден уттук,эмнеден утулдук

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *