Алда качан айткан сезге ынанбай,
Арман ойго салдың мени ынак ай
Адам чиркин езу алдал азгырып,
Мунет санап етет экен жашчылык,
Байкуш журек барчын болуп талпынат,
Жаратылыш койбогон соң таш кылып.
Өткүр көңүл толкундатып тилегин,
Созот экен сендей гүлө билегин.
Так өзүңдөй бир адамдыноаласын,
Отко сальп, күйдүрбөчү жүрөгүн
Көрбөй калсам көксөп-көксөп ойлоном,
Уктап жатсам түштө көрүп ойгоном.
Жаратканга мен ыраазы эмесмин, :
Мени сага жүрөк кылып койбогон.
Же жаракөр күмөн коюп жүрөмбү,
Күткөн мезгил алда качан түгөндү.
Тобо келсе, кечпей турган күнөө жок.
Акинайым кечирип кой күнөмдү