Балалыгым сенде калган айылым
Бактылуу күн ошол экен байлыгым
Билбептирмин бала болуп ал кезде
Бар өмүрдө бакыт мага барлыгуу
Калган менин топуракта издерим
Кээде келет ошол издерди издегиң
Көздөрүңдөн элестериң көрсөм деп
Көздөрүмдү жуумп кайра келбейт ирмегим
Балдар ойноп жатса сыртта көчөдө
Балчык басып жааган жамгыр көңүлдө
Бала кыялмын тумарына кубанып
Батына албаймын турамын чакан дөңсөдө
Балалыкты басып өтүп жашадык
Эркеликти эми гана таштадым
Түйшүктөрдүн түрмөгүнө илинбей
Дагы келет бала болуп жашагым
Байыш Арунов — Бала болуп келет менин жашагым тексти
Датасы: 06.07.2022 Көрүүлөр: 559