Датасы: 11.12.2024
Формат: mp3

Ай десе айдай жаркыган
Күн десе күндөй жаркыган
Айырмалангыс туптунук
Асмандан түшкөн тамчыдан
Кемчилиги жок боюнда
Келбети баарын камтыган
Көркүңө ашык жалпы жан
Көргөндүн баары балкыган
Кыргыздын кызы ушундай
Кыргыздын жыты аңкыган
Кыргыздын кызы ушундай
Кызгалдак жыты аңкыган

Ак мончок шуру тактырган
Ай тийбес жерге бактырган
Көк мончок шуру тактырган
Көлөкө жерге бактырган
Көркүнө шайы да ыймандуу
Көргөндүн баары жактырган
Аккуу бир моюн бото көз
Акырын сүйлөп каткырган
Ай десе айдай жаркыган
Күн десе күндөй жаркыган
Айырмалангыс туптунук
Асмандан түшкөн тамчыдан
Кемчилиги жок боюнда
Келбети баарын камтыган
Көркүңө ашык жалпы жан
Көргөндүн баары балкыган
Кыргыздын кызы ушундай
Кыргыздын жыты аңкыган
Кыргыздын кызы ушундай
Кызгалдак жыты аңкыган

Ак мончок шуру тактырган
Ай тийбес жерге бактырган
Көк мончок шуру тактырган
Көлөкө жерге бактырган
Көркүнө шайы да ыймандуу
Көргөндүн баары жактырган
Аккуу бир моюн бото көз
Акырын сүйлөп каткырган
Кыргыздын кызы ушундай
Куураган чөлдү бак кылган

Колунан көөрү төгүлгөн
Кош бурулуп чачы өрүлгөн
Жоодурап кийсе шай көйнөк
Жомоктогудай көрүнгөн
Маралдай бассаң маңкайып
Махабатка дагы чөмүлгөн
Оймок ооз найза кирпиктүү
Орун бир алган көңүлдөн
Кыргыздын кызы ушундай
Кымбаты артык өмүрдөн

Кызгалдак сымал бүр жарган
Кыргыздын кызы Курманжан
Каныкей сындуу ар бир кыз
Кадыры менен күндү алган
Татыбүбү Сайрадай
Тамылжып жүзү нурданган
Айсулуу менен Мээримдей
Айбаты менен сүрдү алган
Атыңдан кыргыз кыздары
Айланып кетсин кур жалган
Кыргыздын кызы ушундай
Кылыдын эли үлгү алган




Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *