Датасы: 15.03.2023
Формат: mp3

Дүйнө сулуу кооз ырахат ал
Өмүр колодо барда
Бактылуу бол балкы
Тирүүлүккө бар күчүңдү арна

Жакшыларга жанаш
Кадыр билген жарык жолду танда
Таттуу ширин сөздү
Аянбайлы азык болсун жанга

Кайырма:

Майрам салып жашайлы
Ар бир күндүн жетип анын баркына
Мезгил учат зымырап
Өмүр өзү канат каккан каркыра

Баалай билгин убакыт
Анык байлык алмаштыргыс алтынга
Мээрим уют көңүлгө
Жакшылыкка көөдөн толсун жаркыра

Өмүр өткөн зымдуу
Өлчөмү аз жашоо бизге белек
Маанайыңды көтөр
Кейибегин арбын ага себеб

Акыл алтын таажы адамдарга
Жакшылыкты тилейм
Жашайлычы достор асылдарым
Өксүбөсүн жүрөк

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *