Датасы: 12.12.2024
Формат: mp3

Бир кыз тырс-тырс -тырс басып баратты
Жүрөк дүк-дүк -дүк согуп жадатты
А мен кара көздөрүн көрүп
Акылым менден бүгүн адашты

Баскан из из из менин издерим
Кара көз көз көз менин көздөрүм
Ашыкпаңыз мага чоң жигит
Сизди капалантпасын айткан сөздөрүм

Үйү када экенин жакын жер бекен
Айтып кетпейби аты ким экенин
Сизди билбеймин дарек бербеймин
Атама айтсам арнайт келтегин

Көздү кыссам мени карап күлөсүз
Ал арбаган жигитмин күнөөсүз
Атыңыздан айтып чакырсам гана
Азырынча жомоктогу бирөөсүз

Убара болуп изимден бекер баспаңыз
Айтайын азыр атамды көрүп качпаңыз
Жомокту мурун айтчу эле мага атакем
Азыркы жомок кызыксыз мага айтпаңыз

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *