Кыргыз жерим кең тоолордун мекени
Тоо башы кар арча кайың этеги
Мөңгү баскан көк тиреген тоолорун
Көз артышып көз кычышат неченин
Көркөмүң көз алдырган биздин Кыргызстан
Дүйнө элин тамшандырып суктандырган
Өркүндөп өссө бергин эгемендүү
Өлкөм сенсиң Кыргызстан
Желбиреп турсун дайыма желегибиз
Эгемен эркиндикти сүйгөн элибиз
Өркүндөп өссө бергин
Алгалап келечегиң Кыргызстан
Аскалары көк асманды тиреген
Чокулары ак булутту жиреген
Тоо башынан нурун чачып чыккан күн
Тоо артына барып анан түнөгөн
Көз уялткан көркөмү кооз жайыгы
Тоо койнунда орун алган айылым
Ала-Тоолор ак калпакка окшогон
Кыргыз жерим сенсиң менин байлыгым
Кубанычбек Нурмаматов — Биздин Кыргызстан тексти
Датасы: 13.12.2024 Көрүүлөр: 1894