Датасы: 13.12.2024
Формат: mp3

Кыргыз жерим кең тоолордун мекени
Тоо башы кар арча кайың этеги
Мөңгү баскан көк тиреген тоолорун
Көз артышып көз кычышат неченин

Көркөмүң көз алдырган биздин Кыргызстан
Дүйнө элин тамшандырып суктандырган
Өркүндөп өссө бергин эгемендүү
Өлкөм сенсиң Кыргызстан
Желбиреп турсун дайыма желегибиз
Эгемен эркиндикти сүйгөн элибиз
Өркүндөп өссө бергин
Алгалап келечегиң Кыргызстан

Аскалары көк асманды тиреген
Чокулары ак булутту жиреген
Тоо башынан нурун чачып чыккан күн
Тоо артына барып анан түнөгөн

Көз уялткан көркөмү кооз жайыгы
Тоо койнунда орун алган айылым
Ала-Тоолор ак калпакка окшогон
Кыргыз жерим сенсиң менин байлыгым




Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *