Армандуу ырларым сен
Ачылгыс сырларым сен
Өмүрдү шаңга бөлөп
Өчпөгөн жыргалым сен
Обонум ырларым сен
Ойлорум сырларым сен
Түш болуп күнгө кирчү
Түгөнбөс жыргалым сен
Ардагым сен арманым сен
Сага сүйүүм арнаймын мен
Жан дүйнөмдөн орун алдың
Жалгыз сени тандадым мен
Жүрөгүм сен чүрөгүм сен
Сага деген жүрөгүм кең
Сезимдерим сага гана
Сендей өмүр сүрөмүн мен
Арзыгам ашыгым сен
Ааламда жакыным сен
Жанымда сен болбосоң
Сагынып жашаймын мен
Аселим балдайым сен
Ар дайым жандаймын мен
Айрылып бир өзүңдөн
Арманда калбайын мен
Жан берген сен түгөйүм сен
Жандап дайым жүрөйүн мен
Соолубаган сүйүү гүлүн
Сага арнап үзөйүн мен
Тааберигим белегим сен
Тагдыр берген сезимиң мен
Бар кезде сен маңдайымда
Бакыт даамын сеземин мен
Жазылган ырларым сен
Жан билбес сырларым сен
Өзгөнүн кереги жок
Өмүрдө жыргалым сен
Баарынан кымбатым сен
Бактыңды кылбасын кем
Жалгызым жароокерим
Жашоомдо сырларым сен
Улук Назар & Тотомидин Жолдошов — Сен тексти
Датасы: 13.01.2025 Көрүүлөр: 500