Датасы: 29.03.2022
Формат: mp3

Мен далай сүйүү издедим
Байкап сезим издерин
Бир өзүңдөн таппадым.
Мен жалгыздыкта калганда
Жүрөк толо арманда
Жарык бердиң мага ардагым.

Кайырма:
Бүт ааламдан сендей таппадым
Ай таппадым.
Сүйөм деген ойдон кайтпадым
Ай кайтпадым.
Жан дүйнөмдү жаралап
Каректериң кадалат.
Кайгы тартып турсам дагы
Сүйөмүн деп айтпадың.

Биз жүрөк менен табыштык
Сезим менен жарыштык.
Махабатты тапканда
Сен бакыт бердиң бир мага.
Ашык болуп мен сага
Таптым сени үмүт багынан.
Кайырма:

Сайкал Садыбакасова — Сендей таппадым тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *