Жыргалым да азабым
Сени сүйүүп жашадым
Бактым деп атадым
Жан дүйнөмдү жаралап
Махабатка кыянат
Эмнеге жасадың
Баалай албай алтынды
Түшүндүрбөй шартыңды
Карабай артыңды
Баарын таштап жалганга
Салып мени арманга
Билбедиң баркымды
Кайырма
Кыйналдым аябай
Ыйладым баладай
Бакытка жете албай
Сыздайт жүрөгүм
Ээси жок кайыктай
Эзилдим айыкпай
Азабка айланып
Жашап жүрөмүн
Сырым айтып жамгырга
Санаа тартып ай жылга
Таарынам тагдырга
Бейилиңден гүл сунган
Жакшы көрүп сыртыңдан
Адаштым акылдан
Кайырма
Кыйналдым аябай
Ыйладым баладай
Бакытка жете албай
Сыздайт жүрөгүм
Ээси жок кайыктай
Эзилдим айыкпай
Азабка айланып
Жашап жүрөмүн