Датасы: 10.06.2025
Формат: mp3

Жанга баткан жалгыздык уланууда
Чарчабаймын күн сайын сурануудан
Алаканым жайып мен жатаарымда
Жолуктур деп бактыма дуба кылам

Элестетем өзүмдү айсыз түндөй
Кабагымда сур булут калдым күлбөй
Кайда жүрдүң болду экен? Табышмаксың
Тосуп алар адамым мени үйдөн
Жакпай барат өзүмө жалгыз жүргөн

Кайырма:
Жанга баткан жалгыздык уланууда
Чарчабаймын күн сайын сурануудан
Алаканым жайып мен жатаарымда
Жолуктур деп бактыма дуба кылам

Жолугарсын эртеби кечпи
Жүрөктү шаштырбайын деп чечтим
Буйруган күнү, жолугар гүлүм
Каалаганын кыла албайт тура эч ким

Жүрөгүм сезет, жакында жетет
Экөөбүздүн махабаттагы кезек
Сен күт мени, мен да күтөм
Экөөбүздү сүйүү алып кетет

Кайырма:
Жанга баткан жалгыздык уланууда
Чарчабаймын күн сайын сурануудан
Алаканым жайып мен жатаарымда
Жолуктур деп бактыма дуба кылам

Жанга баткан жалгыздык уланууда
Чарчабаймын күн сайын сурануудан
Алаканым жайып мен жатаарымда
Жолуктур деп бактыма дуба кылам

ERA — Duba kylam тексти: 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *