Датасы: 08.09.2025
Формат: mp3

Эч бир кооздук кызыктыргыз менин жанымды
Сен жанымда болбосоң
Өмүр азап сообун тартар жүрөк жалынды
Сен жанымда болбосоң
Түнда ажайып тамылжыбас таң да атпады
Сен жанымда болбосоң
Күнда түнда тартып алып нурун чачпады
Сен жанымда болбосоң

Кайырма:
Арбап аласын дидарың кандай
Карай берем мен көзүмдү албай
Жал жал карайсың жамалың кандай
Ачылат көңүл алтын таңдай

Табияттын тамашасын жашырып алган
Сен жанымда болбосоң
Бир сулуулук байкалбады кашымда турган
Сен жанымда болбосоң
Күндө көңүл көтөрүлбөй жүрөк сыздады
Сен жанымда болбосоң
Бүт аламдын бир байлыгы
Бүт байлыгы түкө турбас
Сен жанымда болбосоң

Кайырма:
Арбап аласын дидарың кандай
Карай берем мен көзүмдү албай
Жал жал карайсың жамалың кандай
Ачылат көңүл алтын таңдай
Жал жал карайсың жамалың кандай
Ачылат көңүл алтын таңдай

Арбап аласын дидарың кандай
Карай берем мен көзүмдү албай
Жал жал карайсың жамалың кандай
Ачылат көңүл алтын таңдай
Жал жал карайсың жамалың кандай
Ачылат көңүл алтын таңдай

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *