Датасы: 30.01.2026
Формат: mp3

Сүйүп турсам кантип анан кайтамын
Сен бар үчүн дүйнө бар деп айтасың
Күнүм дейсиң күндө болсом мен эгер
Күгүм кечте а сен жаным айдасың

Кайырма:
Айайым, айайым, айайым деп
Жакшы көрөсүң
Аярым, аярым, аярым деп
Жакшы көрөмүн
Таалайымсың керегимсиң
Тагдырымдын белегисиң
Багым өзүңдө менин

Арзып калсам кантип анан жашырам
Арзуум менин деңидердей ташыган
Көлөкөм деп эркелетип жүрөсүң
Көлөкөңө а мен сенин жашынам

Кайырма:
Айайым, айайым, айайым деп
Жакшы көрөсүң
Аярым, аярым, аярым деп
Жакшы көрөмүн
Таалайымсың керегимсиң
Тагдырымдын белегисиң
Багым өзүңдө менин

Сен Моцартым мен сенин симфонияңмын
Музаңмын сенин
Көрбөй калсам сагынып жүрөгүмдөн
Кусамын өзүм
Махабатым менин ушундай
Сезимим менин
Махабатым көлдүн суусундай
Сүйүп келем жаным сени

Кайырма:
Айайым, айайым, айайым деп
Жакшы көрөсүң
Аярым, аярым, аярым деп
Жакшы көрөмүн
Таалайымсың керегимсиң
Тагдырымдын белегисиң
Багым өзүңдө менин

Айайым, айайым, айайым деп
Жакшы көрөсүң
Аярым, аярым, аярым деп
Жакшы көрөмүн
Таалайымсың керегимсиң
Тагдырымдын белегисиң
Багым өзүңдө менин

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *