Мурдагы жалын өчүп көздөрүңдөн
Мен сүйгөн адам эбак өзгөрүлгөн
Сенде азыр байоолук жок аруулук жок
Жалгандын жыты аңкыйт сөздөрүңдөн
Өзүңдү ара жолго салба андай
Тагдырга тапмак элек арга кандай
Мен сени сүйөмүн деп алдай көрбө
Мен сени сүйбөймүн деп алдагандай
Мен сени сүйбөймүн деп алдагандай
Уламдан улам чөгүп баратасың
Менин да жүрөгүмдү канатасың
Канчалык сыр алдырбайм деген менен
Байкабай атыбыздан адашасың
Жүрөгүң эркин оюн башка жанда
А мени кыйбайсың сен таштаганда
Алтыным сенин бактың менин бактым
Акым жок сага жаман сактаганга
Акым жок сага жаман сактаганга
Алладан амандыгын суранамын
Жамандык тилеп кантип жүрө аламын
Болгону жароокерим кечир мени
Үстүнөн чыга албасам убадамын
Үстүнөн чыга албасам убадамын
Эми мен сырттан гана сүйүп сени
Сен үчүн сырттан гана кубанамын
Сен үчүн сырттан гана кубанамын
Сен үчүн сырттан гана кубанамын