Аткаруучу: Айганыш Абдиева
Сагынам, себелеп жааса жамгырлар
Сагынам, сезимге бирок алдырбайм
Сагынам, сөздөрүм калды айтылбай
Сагынам бөлүндү биздин тагдырлар
Күүгүм келет, күнүм батат
Ойлуу жатам, сулуу закат
Сени ойлосом билем ката
Күчүм менин жетпей жатат
Жалыны өчкөн жүрөктө чок бар
Унуталбайм амалым жок да
Биздин сүйүү кино болуп тартылса
Эч талашсыз алмак Оскар
Адам неге жолугат, коштошот?
Неге жолугат тагдыр кошпосо
Жүрөгү бирдей сокпосо
Кайырма:
Сагынам, себелеп жааса жамгырлар
Сагынам, сезимге бирок алдырбайм
Сагынам, сөздөрүм калды айтылбай
Сагынам бөлүндү биздин тагдырлар
Сени жакшы десем байыбайм, кемибейм
Сени катуу сүйгөнүмө такыр кейибейм
Болгону биз эки жолду тандадык
Эч нерсе жок бизди жаман адам дегидей
Жанаша түшкөн эски сүрөттөрдү барактайм
Желеден издейм сени, тарыхчаңды карап дайым
Жазып кайра өчүрөм бир ой келет жадатпайын
Балким бирөөсү болсо деп ыңгайсыздык жаратпайм
Адам неге жолугат, коштошот?
Неге жолугат тагдыр кошпосо
Жүрөгү бирдей сокпосо
Кайырма:
Сагынам, себелеп жааса жамгырлар
Сагынам, сезимге бирок алдырбайм
Сагынам, сөздөрүм калды айтылбай
Сагынам бөлүндү биздин тагдырлар
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.