Аткаруучу: Jeedesh
Көрктөнүп чакан аймагы
Талаасы кийген сайманы
Токчулук жыттуу айлымдын
Түгөнгүс эмгек каймагы
Жароокер тоолук бозойдун
Жолунан тостум, жолунан тостум
Алдынан тостум жайдары
Курбуга курбу кымбат да
Кубаныч кошуп сырдашса
Сыр түйүнүн чечип отуруп
Сезбепбиз эбак күн батса
Жыргалы белем сезимдин
Жылдыздар көзүн, жигиттер көзүн
Бозойлор көзүн ымдашса
Түбөлүк кеткис эсимден
Түн бакыр кыштак четинен
Жаңыдан чыккан ай нуру
Шыкалайт бизди секиден
Аңдыса деле алтын ай
Антыбыз небак, шертибиз небак,
Убада небак бекиген
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.