Датасы: 16.05.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: Салидинова Жазгүл, Айзирек Абдирашитова

Кыргызстан — тоолордун мекени
Тунук суулар, токойлор, кендери
Кылымдарга түбөлүк жашай бер
Өсө бергин, гүлдөгүн, мекеним
Көк асманды тиреген тоолорум
Ак булутту жандаган зоолорум
Жаратканым сулуулук бериптир
Айтып бүткүс эң бир кооз мекеним

Кайырма
Кыргызстан — ыйык мекен
Кыргызстан, койнуң кенен
Кыргызстан, Кыргызстан
Коргойбуз сени бек туруп!

Ата Журтум, Ала-Тоом, мекеним
Коргойбуз биз, сактайбыз өзүңдү
Күн нуруна бөлөнүп жергебиз
Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз

Ала-Тообуз — элимдин тиреги
Көк асманга желбирейт желеги
Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз
Бабалардын салтын биз барктайбыз

Кайырма
Кыргызстан — ыйык мекен
Кыргызстан, койнуң кенен
Кыргызстан, Кыргызстан
Коргойбуз сени бек туруп!

Кыргызстан — ыйык мекен
Кыргызстан, койнуң кенен
Кыргызстан, Кыргызстан
Коргойбуз сени бек туруп!

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *