Датасы: 01.04.2024
Формат: mp3

Сууга келсең, өзөн ылдый
Мен да сууну бойлосом.
Эң алгачкы махабатым
Көңүл койбой жойлосом.
Айылдагы бар кыздардан
Сен бар эң бир сулуусуң.
Жибек кара каштарыңа
Осмо койсоң, койбосоң.

Кайырма:
Ай толгондо, түн болгондо
Оюн болсо айылда.
Ак чөлмөктү сен да издеп
Ойнойсуңбу Айзада.

Кол кармашып, жетелешип
Балалыкка жашындык.
Сүйүп калган менде күнөө
Же жетилген ай жашымбы.
Чырай бүткөн мүчөлүңө
Кандай кийсең ай жарашат.
Ак көйнөкпү, агыш-көкпү
Мейли кызыл, жашылбы.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *