Аткаруучу: Бейше
Асман көктө чалкыган, жериң сонун Ала-Тоо
Ата-журтуу акылман, элиң сонун Ала-Тоо
Аркар-кулжа жайнаган, төрүң сонун Ала-Тоо
Ак куу сүзүп чалкыган, көлүң сонун Ала-Тоо
Көлүң сонун Ала-Тоо, көлүң сонун Ала-Тоо
Эркин кыргыз элине, энчи болгон Ала –Тоо
Эгемендүү жериңе, кеңчи болгон Ала –Тоо
Каркырадай жебесин, созо жүрөт Ала –Тоо
Кайда жүрсөм элесиң, кошо жүрөт Ала –Тоо
Кошо жүрөт Ала –Тоо, кошо жүрөт Ала –Тоо
Түркүн гүлү жайнаган, түрүң сонун саймадан
Гүл зарыңда түрдүү куш, күн, түн тынбай сайраган
Карегимди толтуруп, карай бир берем кайрадан
Кагылайын Ала –Тоо, караныңдан айланам
Караныңдан айланам, караныңдан айланам
Кайырма:
Карегимди толтуруп, карай бир берем кайрадан
Кагылайын Ала –Тоо, караныңдан айланам
Караныңдан айланам, кагылайын Ала –Тоо
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.