Датасы: 31.05.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: Мирбек Атабеков, Назгуль Токтакунова

Бүгүн кучактаймын жылуу демим менен,
Жамандыка жакшы менен жооп берем,
Кечирим кылычым менен сынбай келем,
Жүрөгүмдө баарыңарга сүйүүм терең
Жашоо согуш бирок мен тынчтык издейм,
Караңгы капаста да мен жарык издейм,
Кечирим бул эрдик досум түшүн бекем,
Бузулса да дүйнө тилегеним кенен,

Кайырма:
Жылдыздай асманга бийик уча берем,
Барынарды кучагыма кыса берем,
Анткени боорукер адаммын мен,
Жаманды унутуп жакшылыкка жаза берем,
Ырларым менен көңүлүңдө кала берем,
Анткени боорукер адаммын мен,

Жылуу сөзүм менен дем бере берем,
Менин күчүм жүрөктө, унутпагың дегем, унутпагың дегем,
Адам болуу жашоодо улуу белек,
Көз жашың төгүлсө кармайм сенин колдоруңду,
Сезим менен көрөм сенин дүйнөңдү,
Ар деминден уга берем үнүңдү,
Жашырсаң да табан сенин үнүңдү,

Кайырма:
Жылдыздай асманга бийик уча берем,
Барынарды кучагыма кыса берем,
Анткени боорукер адаммын мен,
Жаманды унутуп жакшылыкка жаза берем,
Ырларым менен көңүлүңдө кала берем,
Анткени боорукер адаммын мен,

 

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *